Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан демилгелеген экологияны сактоо резолюциясы БУУнун пленардык жыйынында кабыл алынды

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 813 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстан демилгелеген «Жаратылыш чек араны тааныбайт: Трансчекаралык кызматташтык — биотүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору» аттуу резолюция бир добуштан кабыл алынды.

Резолюцияны кабыл алуу учурунда бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен катар, БУУнун 60 мүчө-мамлекети Кыргызстандын резолюциясына авторлош болуп чыкты.

Резолюциянын негизги максаты «2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартиптери» программасын ишке ашыруунун принциптеринин негизинде жаратылыш ресурстарын ырааттуу пайдалануу менен келечек муундарды таза, коопсуз жана стабилдүү чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-чаралар аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча трансчекаралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Долбоор БУУнун Биотүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Миграциялануучу түрлөр жөнүндө конвенция, Рамсар конвенциясы жана Германия жаратылыш коргоо биримдиги (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык-экологиялык уюмдардын колдоосуна ээ болду.

Бул резолюция Кыргызстандын ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йорк шаарында БУУнун алдындагы тоолуу өлкөлөрдүн пикирлештер тобун түзүү жана башка багыттардагы жогору бааланган экология жаатындагы ийгиликтүү демилгелердин органикалык уландысы болуп калды.

Copyright © 2017 Maral FM