Биз менен байланышыңыз

Жыл жыйынтыгы: Баткенге кол салуу, массалык камоолор жана Кумтөр

Саясат | 31 Дек 2022 | 991 | 0

Кыргызстан жыл ичинде ар кандай окуяларга туш болду. Экономикалык жактан зор мааниге ээ болгон Кумтор алтын кенин өз колуна алса, саясий өңүттөн стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон суу сактагычын чек ара тилекелериндеги жерлерге алмашты. Бул жылдын негизги, маанилүү окуялары эмнелер болду?

Ушул жылы экономикалык жана стратегиялык жактан зор мааниге ээ болгон жетишкендиктердин бири – “Кумтөрдүн” Кыргызстанга алынышы. 2022-жылдын 4-апрелинде Садыр Жапаров түз эфир аркылуу “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын менчигине толук өткөндүгүн жар салган.

Бул кен байлыкты буга чейин Канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетип келген. Жыл башынан бери аны кыргыз өкмөтү өзү иштетип, кийинчерээк алгач дайындалган жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк коррупцияга шектелип кармалган.

Коомдук ишмер Кубан Абдымен “Кумтөр” алтын кени улутташтырылып, кыргыз тарапка өткөнү менен коомчулук күткөндөй натыйжа көрсөтө электигин айтты.

«Кумтөрдү» Кыргызстанга алгандан кийинки эффекти коомчулук күткөндөй деңгээлге чыга элек. Качан, кантип чыгат? Муну айтыш кыйын. Себеби менин жеке оюмда биз күтүп жаткан жалпы экономикага кошкон салымы дагы эле биз ишене тургандай бийиктикке чейин чыга элек. Жалпылап айтканда, «Кумтөр» улутташтырылып, Кыргызстандын экономикасына иштеп аткандагысы абдан чоң ийгилик», — деди Абдымен.

Орусиянын Украинага бастырып кирүүсү

2022-жыл Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө олуттуу өзгөрүү алып келген окуялардын сап башында Орусиянын Украинага кол салганы. 24-февралда орус президенти Владимир Путин Украинада кысым көргөн орус тектүү жарандарды коргоо максатында “атайын аскердик операция” башталганын жар салган.

Бул окуя дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, Батыш өлкөлөрү катары менен санкцияларды киргизсе, 100 миңдеген орус жарандары башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга көздөй агылды. Сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизациядан кийин орус жарандыгын алган кыргызстандыктар да жапырт мекенине кайтты.

Тажикстандын кол салуусу

Жыл ичинде ор жоготууларга алып келген окуя — сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу болду. 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн кол салуудан кыргыз тараптан 48 аскер кызматкери, 15 жай тургун набыт болду. Анда чек арага жакын айылдарда жалпы 661 үй жабыркап, 423ү кайрадан курууга, 238и оңдоп-түзөөгө муктаж болгон. Андан бери эки гана үй калыбына келтирилди.

Бастырып кирүүдөн кыргыз тарап жалпы суммасы 6-8 млрд. сомдук зыян тартканын өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.

Өлкө башчы Садыр Жапаров кыйраган үйлөрдү 2 ай аралыгында бүтүрүү тапшырмасын койгон, бирок 3 ай убакытта 423 үйдүн экөөсү гана толук бүткөрүлгөн.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Өмүрбек Суваналиев чек ара маселесин бир гана дипломатиялык алака менен чечүү керек экенин, бул жылы болгон окуялардан сабак алуу керектигин айтат.

«Чек ара боюнча маселелердин баары өз убагында ачык болуп, элге ачык айтыш керек. Кемпир-Абад маселеси боюнча да жыйынтыктап жатканда Садыр Жапаров «биздин катабыз, өз убагында баарын ачыктап эле койбогон экенбиз» деп айтпадыбы. Негизи чек ара маселеси дипломатиялык жана ачык сүйлөшүү менен чечилет. Ушундай бир эле жолу бар. Анан өткөрмө постторун эртерээк ачканы жакшы. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүрө берет, бирок чек арага жакын жашаган эл бири-бири менен тыгыз байланышта болушу керек», — дейт Суваналиев.

Кыргыз-өзбек чек ара келишими

Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кемпир-Абад суу сактагычы бул жылы коңшу Өзбекстан менен чек араны тактоодо 19 миң гектар жерге алмашылып кетти. 17-ноябрда Жогорку Кеңеш чек араны тактоо жөнүндөгү документти ратификациялоодо 10 мүнөттүн ичинде 3 окуудан өткөрүп колдоп берген.

Анын берилишине каршы пикир билдирип чыккан саясатчы, активисттер жапырт кармалып, 28 адам абакта отурат, алардын арасында аялдар да бар.

Бийлик аларды “төңкөрүш кылууга даярданууга” айыптап, бирок тергөө амалдары жүрө электигин кармалгандардын адвокаттары айтып келишет.

Саясатчы Алмаз Тажыбай бул окуялар массалык куугунтукка, сөз эркиндигинин бузулушуна алып келгенин, тергөө амалдарын жүргүзбөй кармап отурганын мыйзам нормаларын одоно бузуу катары сыпаттады.

«Сөз эркиндиги, өз пикирин айтуу Конституцияда каралган. Эгемен алган 30 жылдан ашык убакыттан бери Сталиндин доорунан бери болбогон массалык репрессия болду. Кемпир-Абад, чек ара боюнча маалымат бергиле деп талап кылган, суу сактагычты Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жарандарды бир паста камап койгону менен бул жыл эсте калды. Тилекке каршы», — деди Тажыбай.

Сөз эркиндиги, Курултай

Саясат талдоочу бул окуяларга утурлаш иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылганын жана “Азаттык медиа” мекемесинин ишине бөгөт коюлганын кошуп кетти.

Ал эми августта жарлык чыгарып, ноябрда өткөргөн биринчи элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору бул жылы парламентте колдоо тапкан эмес. Ага карабай өткөн курултайга өлкө боюнча 1072 делегат катышып, аймактардагы көйгөйлөр айтылды.

Бирок серепчилер Курултайда жергиликтүү деңгээлдеги эле маселелер айтылып, өз максатына жетпегенин сындап келишет.

Коркутуулар

Кемпир-Абад маселеси боюнча келишимге каршы добуш берген 19 депутатка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан куугунтук болуп жатканын депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыккан. Бирок УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев муну четке каккан.

Келишимди парламентке алып кирген күнү каршы пикирин билдирип, Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан депутат Өмүрбек Бакировду президенттик администрация кабинетинен чыгарып, өзү УКМКга суракка чакырылган.

Депутаттын статусу

Бул окуялар “депутаттын статусу жана кол тийбестиги” темасын козгоп, Жогорку Кеңеш өз таасирин жоготконун мойнуна алган депутаттар да чыкты.

Саясатчы, мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков негизи депутаттын кол тийбестиги болгон же болбогонун билестигин айтат. Ал парлмаенттин бул абалына эл өкүлдөрү өздөрү гана күнөөлүү деген пикирин айтты.

«Азыркы депутаттык корпуста 50%дан ашыгы мурунку парламенттин депутаттары келишти кайра. Ушул депутаттар өз колу менен элибизге жаңы Конституцияны сунуш кылды. Бүт болгон укуктарынын баарын жокко чыгарышты. Эми парламенттин таарына турган бир дагы негизи жок. Мен дагы бир жолу айтып өтөм, кол тийбестик барбы, жокпу? Бул парламент жөн мындай добуш бере турган орган болуп калды. Дагы бир нерсени жасайлы десе, Конституциялык укугу жок. Ички саясатты жүргүзүп, программа түзөлү десе, андай укугу да жок. Сырткы саясатты жүргүзүүгө дегеле укугу жок. Өкмөттө бир начар иштегенди жумуштан бошотолу десе, ал укугун да өздөрү алып ташташты», — дейт Кадырбеков.

Өтүп бараткан жыл оор болгонун жана чечилбеген көйгөйлөр, чыр-чатактар менен коштолгонун Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев да белгиледи. Атамбаев репрессиянын күчөшү, өз пикирин ачык айткандарды, саясий оппоненттерди, журналисттерди куугунтуктоо, мыйзамдын алсыздыгы өтүп бараткан жылы өзгөчө байкалганын айтты.

Кыргызстанда 2022-жыл Кыргызстанда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланган эле.  Анын алкагында жер-жерлерде бактар гана отургузулду.

Copyright © 2017 Maral FM