Биз менен байланышыңыз

Самбо боюнча чемпионатта эки кыргызстандык алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 13 Ноя 2022 | 565 | 0

Спорттун самбо түрү боюнча эки кыргызстандык дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан чемпионатта кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов самбо боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал 98 киллограммдан жогорку салмактагылар арасында чыгып, финалда монголиялык атааңдашы ДАмдинсурен Пуреворжду жеңип алды.

Ал эми 79 киллограмм салмак категориясы боюнча кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев финалда казакстандык атааңдашын жеңип, дүйнө чемпиону болду.

Самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат 11-ноябрда Бишкектеги «Газпром-балдар» ден соолукту чыңдоо борборунда башталган. Кыргызстан мындай деңгээлдеги чемпионатты алгачкы ирет өткөрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM