Биз менен байланышыңыз

Роналду «Аль-Наср» клубу менен расмий келишим түздү

Кыска кабар , Спорт | 31 Дек 2022 | 906 | 0

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду саудиялык «Аль-Наср» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган клуб расмий жарыялады.

«Бул жүрүп жаткан процесстеги эң маанилүү окуя. Бул келишим бир гана биздин клубга эмес, жалпы лигабызга, өлкөбүзгө жана келечек муунга, кыздар жана балдарыбызга мыкты болуусуна дем берет», — деп жазат клубдун расмий билдирүүсүндө.

Криштиану Роналду 2003-2009-жылдары «Манчестер Юнайтед» клубунда, 2009-2018-жылдар аралыгында испаниялык «Реал Мадрид» клубунда, 2018-2021-жылдары италиялык «Ювентус» кулбунда ойноп, 2021-жылы кайра англиялык «Манчестер Юнайтед» клубуна кайтып келген.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Роналду «Аль-Наср» клубуна өтөөрү жана чабуулчуга сезондо 200 миллион евро маяна убада кылынганы тууралуу маалыматтар тараган болчу.

Криштиану Роналду 22-ноябрда 2021-жылдан бери ойноп келген «Манчестер Юнайтед» клубу менен келишимди токтогонун расмий жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM