Биз менен байланышыңыз

«Марал ТВ» ТРБКсы 10 жылдыгына карата ЖМК аралык кичи футбол мелдешин өткөрүүдө

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 766 | 0

«Марал ТВ» телерадио берүү компаниясы 10 жылдык мааракесине карата бүгүн, 11-сентябрда массалык маалымат каражаттары арасында кичи футболдук мелдеш өткөрүүдө.

Оюн Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» эл аралык университетинин стадионунда болуп жатат.

Мелдеште биринчи орун алган командага 10 миң сом, Кубок, медалдар, экинчи орунга 7 миң сом, медалдар жана үчүнчү орун үчүн 5 миң сом сыйлык, медалдар, андан тышкары демөөрчүлөр тарабынан да өзүнчө сыйлыктар каралган.

Мелдештин башкы демөөрчүсү «Белая река» компаниясы, ал эми расмий демөөрчүлөрү Bishkek Petroleum компаниясы, «Эмир Билдинг», «Ихсан» курулуш компаниялары жана «Букхаус» китеп дүкөнү.

Турнирде «Мыкты дарбазачы» жана «Мыкты оюнчу» номинациялары боюнча мыктылар аныкталып, аларга сертификат, сыйлыктар тапшырылат.

«Марал ТВ» телерадио берүү компаниясы — Кыргызстандын улуттук медиа бренди. Ал 2011-жылы иштеп баштаган. Алгач Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында обого чыккан. 2015-жылы Бишкек шаарында 88,5 жыштыгы менен иш баштаган. Учурда «Марал» мультимедиа катары радио, телекөрсөтүү жана сайтта иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM