Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан 7-сентябрда Бангладеш менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 754 | 0

Кыргызстандын курамасы 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында бир нече жолдоштук беттеш өткөрөт.  Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

Жолдоштук беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 7-сентябрда Бангладеш улуттук курамасы менен өтөт.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин болуп өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM