Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор лигасы: «Реал» клубу «Ливерпулду» утуп алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 22 Фев 2023 | 439 | 0

УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 2022/2023 сезонунун 1/8 финалынын биринчи оюнунда мадриддик «Реал» менен англиялык «Ливерпуль» командалары беттешти.

Оюн Ливерпуль шаарындагы «Энфилд» стадионунда өттү.

Беттеш башталганда эле англиялык клуб эки гол киргизди, бирок көп убакыт өтпөй эле испаниялык клуб беш гол киргизип, 5:2 эсебинде атаандаштарын жеңип алды.

Ушул эле күнү оюн өткөргөн «Айнтрахт» өз талаасында «Наполиге» 2:0 эсебинде утулуп калды.

Эки команданын жооптук беттеши 16-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө болот.

Copyright © 2017 Maral FM