Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде утту

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 830 | 0

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол курамасы Үч улуттун кубогу мелдешинин алкагында Палестина менен ойноп, 1:0 эсебинде утту.

Кураманын дебютанты Азим Азаров оюндун биринчи бөлүгүнүн 26-минутасында гол киргизди.

Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталып, 22:30да жыйынтыкталды.

Үч улуттун кубогу мелдешине Кыргызстан, Палестина жана Бангладештин курамалары катышууда.

Алдыда 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш жана 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш ойнойт.

Аталган мелдеш 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин болуп өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM