Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстан менен Сингапурдун футболчулары беттешет

Кыска кабар , Спорт | 11 Ноя 2021 | 697 | 0

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш бүгүн Бишкек убактысы менен саат 19:00дө Шарджа шаарындагы «Аль-Хамрия» стадионунда башталат.

Ал эми 16-ноябрда кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасы менен да жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жолдоштук беттештер 2023-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү болот.

Copyright © 2017 Maral FM