Биз менен байланышыңыз

Унаалардагы катализатордун жоктугу Бишкекти кара түтүнгө айлантты

Коом , Экомайдан | 15 Дек 2020 | 999 | 0

Учурда Бишкек шаары «өтө булганыч» шаарлардын катарына киргени айтылып келет. Айрыкча, абанын булганышы адам өмүрүнө кооптуу жагдай жаратууда. Мындан улам COVID-19дан коргонуу үчүн эле эмес, кир абадан да сактануу чараларын көрүп, беткап тагынуу керектигин адистер эскертет.

Абанын булгануусуна шарт түзгөн учурлардын бири күн сууктаган мезгил болуп эсептелет. Себеби шаар тургундарынын басымдуу көпчүлүгү үй жылытууда көмүр колдонот. А көмүрдүн сапаты талапка жооп береби, ал башка маселе. Ошол эле учурда мындай булганууларга жалпы мончолордо, коомдук тамактануучу жайларда колдонулган ар кандай заттар, өзгөчө автоунаадан чыккан түтүн алып келерин экологдор байма-бай эскертип келишет. Мамлекеттик экотехинспекциянын экология боюнча башкы адиси Эдилбек Дүйшөнбиевдин айтымында, абанын бузулууусуна көпчүлүк учурда катализаторсуз иштеген автоунаалардан чыккан түтүн жеткирет.

«Бишкек шаарынын аба катмары азыркы тапта булганыч болуп жатат, анын себебине негизги үч учурду карап жатабыз: биринчиден, Бишкек шаарын курчап турган жеке турак жайлар жаккан отундун сапаты; экинчиден, автоунаалардан чыккан түтүн; үчүнчүдөн, ири жана кичи өнөр жайлардан, анан Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн. Айрыкча, 50 пайыздан жогору булганууга автоунаалар алып келүүдө. Абанын булганышы маал-маалы менен кездешип жатат, себеп дегенде Бишкек шаары ойдуң жерде жайгашкан, климаты да шамалдуу болбой келет. Кыш мезгилинде абанын булганышы байкалууда. Себеби кышында аба муздаганда басым ылдый болуп, төмөндөн чыккан жылуулук менен түтүн абага сиңип кетпей туруп калып жатат. Ал жамгыр жааганда же шамал болгондо гана тарап кетпесе, башка учурда тарабайт». 

Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын абасын тазартуу иши Өкмөт тараптан чечилүүчү маселе экенин белгиледи.

«Бул жерде масштабдуу түрдө бир нече сунуштарды киргизгенбиз, анын бири: отун энергетика тармагындагы маселелер. Анан мына техникалык кароону алып салганына сегиз жыл болду, машиналардын баардыгы техникалык жактан өтө начар абалда, экинчиден, унаалардын катализаторун, тазалоочу глушителин алып салып, чыпкасыз калган унаадан чыккан жаман заттар абаны булгап жатат. Муну мен Европада беш жыл жашап, ошол жакта автоунаа айдап жүргөн адам катары айтып жатам. Ал жакта жыл сайын машинанын ар бир тетиги дыкат текшерилет. Эгер тазалоочу системасы иштен чыга турган болсо, чоң айып пул төлөнөт. Өзбекстанды эле алсак, алардын 90 пайыз унаалары газ менен жүрүшөт. Өтө үнөмдүү, экологиялык зыяны да азыраак, бизге да бул нерсе абдан керек. Өкмөт азыр техникалык кароону комплекстүү ишке киргизиши керек. Бул экологиянын, анан жол кырсыгынын алдын алуу болуп саналат».

Катализатор — унаанын түтүн чыккан бөлүгүндөгү зыяндуу химиялык заттарды тосуп калып, чыпкалаган тетик. Тактап айтканда, катализатор зыяндуу заттарды аягына чейин күйгүзүп, өзүнө алып калып, анчейин коркунучсуз заттарды абага бөлүп чыгарат. Унаа оңдоочу жайдын башкы устасы Болот Ырсалиев бир да жаран  катализатор орнотуу үчүн келбесин, тескерисинче, аны унаадан алып, сатып берүүсүн суранып кайрылышарын айтты.

«Катализатор деген — экологияны таза сактоого жардам бере турган машинанын тетиги. Экологияны бузбасын деп заводдон атайын жасашат. Катализатор калып калган түтүндү толук күйгүзүп, абаны булгабай турган түтүндү чыгарат, химиялык заттарды өзүнө алып калат. Анын кирпич сыяктуу майда-майда көзөнөктөрү болот. Түтүн ошол көзөнөктөн өтүп бүткүчө, өзү да унаанын ичинде күйүп бүтөт. Жаман заттардын баарын күйгүзүп туруп, анан чыгарат. Анын баарын биз кесип алып, сатып жатпайбызбы, мына ошолор абаны булгайт. Бизге бир да киши келбейт катализатор салып бергиле деп. Бүт баары эле алып сал, сатам дешет. Анын ичинде бир баалуу металл болот экен, платина дейби, биз билбейбиз аны». 

Автоунаалар абаны өтө булгабашы үчүн катализатор керек деген маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Активисттер аба булгангандыгынан улам Жогорку Кеңештин алдына митингге да чыгышкан. Алар автоунааларга чыпкалар менен катализаторлорду орнотууну жана эски унааларды киргизүүгө тыюу салууну талап кылышкан. Бирок жыл сайын суук түшкөн мезгилде бул маселе чечилбей ара жолдо калып келет.

Copyright © 2017 Maral FM