Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы тууралуу сүйлөштү.
Маалыматка караганда, алардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто.
“Казакстандык медицина кызматкерлери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүп, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта.
25-декабрда Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары бар болгон.