Биз менен байланышыңыз

Ырсалиев: Пенсионер апа шаарга 200 даана көчөт белек кылды

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 1654 | 0

Быйыл борбор калаага 10 миң дарак отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жашылдандыруу боюнча алгылыктуу иштер жүрүүдө. Алсак, парктардагы мыйзамсыз курулуштар алынып, ижарага алынган жерлер боюнча мэрия менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылууда.

Калагаа 1.5 млн гүл отургузулат.

«Отургузулган дарактардын баары көктөбөйт. Быйыл ушул маселеге көңүл бөлүп, көп жылдан бери өсүп жаткан бактар алынууда. Москвада иштеп жаткан мигранттар Чүй көчөсүнө 5 миң 500 сомдук бак сатып келип, көчөттөрдү отургузушту. Андан сырткары Улуттук Банк да бактарды алып берүү алдында. Токтогулдуктар «Ынтымак» паркына 200 даана көчөт тигишти. Мындан сырткары пенсионер апа 200 түп көчөт алууга жардам берүүдө. Шаарды сүйө тургандар көп экен, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем», — дейт Ырсалиев.

Маалыматка ылайык, жашылдандыруу ишетирне жыл сайын 400 млн сомго жакын каражат бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM