Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Бир жарандан — Бир көчөт» аттуу акция өтүүдө

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 450 | 0

Айыл чарба министрлиги “Шаардык сейил бактар” муниципалдык ишканасы менен биргеликте «Макулатура тапшыр — көчөт ал» — «Бир жарандан — Бир көчөт» аттуу экологиялык акциясын өткөрүүдө.

Акция «Ынтымак» жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында өтүүдө. Анын алкагында, 500дөн ашык көчөт отургузуу пландалууда.

Акцияга бардык каалоочулар катыша алат. Ага катышуу үчүн 3 кг макулатураны же 5 даан желим бөтөлкө тапшырып, көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүн алса болот. Ошондой эле сейил бактарда макулатура жана пластмассаларды кабыл алуу пункттары уюштурулат.

Акция экология көйгөйүнө көңүл буруу жана борбордогу жашыл мейкиндиктерди көбөйтүүнүн алкагында уюштурулууда.

Белгилей кетсек, 6-ноябрда 1000ден ашык алма багынын көчөттөрү Токмок шаарынын Ак-Бешик жер участогуна отургузулат.

Copyright © 2017 Maral FM