Биз менен байланышыңыз

Капаров: Сапатсыз көчөттөр ооруларды ташып келүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июл 2019 | 668 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги коңшу мамлекеттерден кирип жаткан сапатсыз көчөттөргө бөгөт коюшу керек. Анткени, мындай көчөттөр менен кошо көптөгөн оорулар кирип жатат. Бул тууралуу Борбор Азия багбандар ассоциациясынын негиздөөчүсү Абдулла Капаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сапастыз көчөттөр рентабелдүү эмес. Алар арзан баада болуп, сапаттуу көчөттөрдүн сатылуусуна тоскоолдук жаратууда.

«Сапаттуу көчөттөрдү атайын фирмалардан алыңыздар. Алар 1-2 жылдык кепилдик менен көчөт мөмө байлаганга чейин акысыз кеңеш беришет. Биз алып келген көчөттөр тазаланган соң сатыкка чыгат. Багбандар сырткы рынок талап кылган азыктардын көчөттөрүн отургузушу зарыл. Кокон гиласын дүйнөгө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар, бирок адистер жетишсиз болууда. Көйгөйдү чечүү үчүн балдарды жаңыча ыкмада окутуу керек», — дейт Капаров.

Анын баамында, Кыргызстан жер-жерлерде логистикалык борборлорду куруп, өзүнө жетиштүү деңгээлде айыл чарба азыктарын өндүрүп, сактоонү үйрөнүшү керек.

«Эгерде жакшы сакталса, картошканы августка чейин жей алабыз. Бирок өзүбүздүн картошкаларды 5-6 сомдон сатып, Өзбекстан, Тажикстандан 30-35 сомдон сатып жейбиз. Эгерде бизге баары жетиштүү болуп, сырттан товар алынып келинбегенде, сатуу жагынан көйгөй жаралмак эмес», — дейт Капаров.

Copyright © 2017 Maral FM