Биз менен байланышыңыз

Капаров: Өлкөдө өндүрүлүп жаткан товарлар таза эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июл 2019 | 579 | 0

Кыргызстанга көзөмөлсүз, мыйзамсыз кирип жаткан жер семирткичтерге, айыл чарба азыктарынын дары-дармектерине бөгөт коюу зарыл. Анткени, пайдасына караганда, зыяны көп болууда. Бул тууралуу Борбор Азия багбандар ассоциациясынын негиздөөчүсү Абдулла Капаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дарыларды өндүргөн компаниялар да каражат табууну көздөшөт. Эгерде дары-дармектер пайда алып келгенде, өлкөдө 28 жылда бир да оору калмак эмес. Таасир бербегендиктен, онкологиялык оорулар жаралууда.

«Дары-дармектер көп колдонулгандыктан, башка оорулар да пайда болууда. Өкмөт кирип жаткан дарыларды көзөмөлгө алып, органикалык жолдор менен жасалган дарыларды колдонууга уруксат бериши керек. Мамлекет чыгарган дарыларга басым жасалса, экологиялык таза мөмө-жемиш алууга мүмкүн», — дейт Капаров.

Ал белгилегендей, өлкөдө өндүрүлүп жаткан товарлар таза эмес, себеби нитраттар иштетилип жатат. Ага дыйкандарда маалыматтын жоктугу себеп болууда.

«Эгерде дыйкан дарылардын зыядуу экенин билсе, пайдаланмак эмес. Жарандардын ден соолугун коргоо үчүн дарылардын зыяндуулугун аныктоо зарыл. Расмий бийлик текшергени менен дарылар да аткезчилик жол менен келүүдө», — дейт Капаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM