Биз менен байланышыңыз

Жаналиев: Чет өлкөдөн көчөт алып келүү токтогон

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Мар 2019 | 752 | 0

«Жашылчарба» муниципалдык ишканасынынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев “Марал” радиосуна берген маегинде чет өлкөдөн көчөт алып келүү токтотулганын билдирди.

«Бактарды өзүбүздөн алып баштадык. Ал эми былтыр Түштүк магистраль тарапка отургузулган көчөттөр Кыргызстанда 15 миң сомдон сатылчу. Мындан улам чет жактан сатылып алыган. Буга чейин көнөсканалар каралбай калган эле. Азыр тазалап, көчөттөрдү отургуздук. Азыр көчөт отургузууга кеч эмес. Дарак тигүү боюнча кеңештер акысыз жүргүзүлөт. Жарандар бизден (Ташкент көчөсү 17 ) көчөт сатып алса болот», — дейт Жаналиев.

Анын айтымында, шаарда өстүрүлгөн көк майсаңдар тебеленип, өспөй калууда.

Жаналиев буга кошумча, кичи конуштарды жашылдандырууга артыкчылык берилип жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM