Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекке 15 миңдей дарак отургузулат

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1038 | 0

Быйыл Бишкек шаарында жалпы 15 миңдей бак-дарак отургузулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Урмат Дербишев билдирди.

«1-апрелге карата 6 миңдей бак отургузулду. Планга ылайык, шаарда 3 сквер салынат. Бирөө Жумушчулар шаарчасы кичирайонунда, экинчиси Туңгучта, үчүнчүсү Ак-Босого конушунда болот. Ошондой эле 11 миң погондук метр жерде ирригациялык иштер аткарылат. Аны менен бирге 1,5 миллиондон ашык гүл отургузулат. Аны 20-апрелден баштап «Жеңиш» паркына тигип баштайбыз», — деди Дербишев.

Ал эми «Бишкек асфальтсервис» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Максат Шеримбаевдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы шаарда 10,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Быйыл ар бир төрт райондун 4 чакырым жолун оңдоо каралды жана 50 миң чарчы метр чуңкур жумуштары аткарылат.

Азыр шаардын төрт районунун 7 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери башталды.

Copyright © 2017 Maral FM