Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр ишембиликте көчөт отургузду

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 629 | 0

Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш-чара республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында уюштурулган.

Ишембилик Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багынын аймагында өттү. Иш-чаранын алкагында Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери бактардын көчөттөрүн отургузушту жана парктын аймагындагы таштандыларды тазалашты.

Кыргызстанда бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул күнү өлкө жарандары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, көчөттөрдү отургузууда.

Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM