Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 1869 | 0

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКдан «Марал» радиосуна билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл январь айынын соңунда мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармалган. Ал премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгону айтылган.

Тагыраагы, «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнгөн. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган. Аны мыйзамдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.

Copyright © 2017 Maral FM