Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев жазган арызы боюнча кайрылуу жасады

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 1745 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Төмөндө Абылгазиевдин кайрылуусу толугу менен берилди.

-Урматтуу кыргызстандыктар! Радиожыштыктардын ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча Өкмөттүн дарегине айтылган айыптоолордон улам, тергөөнү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүү кызыкчылыгында жана тергөө органдарына кысым көрсөтүү боюнча айып тагууларга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетүү чечимин кабыл алгам.

Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем.

Бирок, тилекке каршы, иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүнкү күндө өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта, Өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл, ал эми белгисиздик абалы Өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен өзүмдөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым.

Президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөт мүчөлөрүнө жана жалпы кыргызстандыктарга менин Премьер-министр катары иш алып барган эки жылдан ашуун мезгилимде үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет.  Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо жана экономиканын мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз түзүү боюнча башкы милдеттерди аткара алды деп эсептейм.

Өз ишимде мен ачык-айкын иш алып барып, жалпы ишке пайдамды тийгизүүгө аракеттендим жана келечекте да өз билимимди жана топтолгон тажрыйбамды өлкөнүн жана коомдун бакубаттуулугуна жумшаганга мүмкүнчүлүгүм болот деп ишенем».

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинде өкмөттү башкара баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM