Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министринин отставкасын талап кылгандар митингге чыкты

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1401 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында министрдин отставкасын талап кылган митинг өтүүдө. Алар «уят», «жетишет» деп чакырык таштоодо.

Митингге чыккандар Айзаданын өлүмүнө байланыштуу эч ким жаза албаганын айтып, министрдин иштен кетүүсүн талап кылышууда.

Буга чейин да 8-апрелде активистер уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын каза тапканына байланыштуу чыккан митингде да Ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан эле.

Белгилей кетсек, 7-апрель күнү Бишкектен уурдалган 27 жаштагы Айзаданын сөөгү табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Окуя тууралуу милицияга 7-апрелде маалымат түшүп, жерине кызматкерлер барган. Унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган. Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө. Ала качууга тиешеси бар деп шектелген 4 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM