Кыргызстанда автоунааларга милдетүү түрдө видеорегистратор орнотуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны Ички иштер министрлиги иштеп чыккан. Документке ылайык, айдоочулар унааларына видеокаттоочу камераларын 2025-жылга чейин орнотушу керек. Бул айдоочулар арасында ача пикирлерди пайда кылды.
Ички иштер министрлиги 14-октябрда “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга койду. Анда министрлик өлкөдөгү ар бир автоунаага милдетүү түрдө видеокаттоо орнотууну көздөйт. Бул мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш кабыл алса, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Министрлик муну менен жол кырсыктарын тактоо иштери жана кырсык катталып, талаш болгон учурларды аныктоо жеңил болорун айтат. Видеорегистратор орноткондон кийин айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулайт.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаевдин айтымына караганда, видеокатоо орнотуу кылмыштуулуктардын бетин ачууда жана автокырсык катталган учурда күнөөсүз тарап өзүнүн актыгын далилдөөдө керектүү курал болот.
“Бүгүнкү күнү унаалардын тетиктерин чечип кетүү, ичиндеги баалуу буюмдарын терезесин талкалап уурдап кетүү фактылары көп катталып жатат. Ушундай майда бейбаштыктардын алдын алуу максатында жана жол эрежеси одоно бузулган учурларда, кырсык катталган учурда күнөөсүз тарап өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдегенге жеңил болушу үчүн ушундай мыйзам долбоору иштелип чыкты”, — дейт Исаев.
Исаев коомдук талкууга чыгарылган бул мыйзам долбооруна ар бир жаран сунушун бере аларын кошумчалады.
Бир айлык талкуудан өткөн долбоор Жогорку Кеңештнги тармактык комитеттин кароосуна кирет. Парламенттеги “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев автоунааларга видеокаттоо орнотууну милдеттендирүү мыйзамына каршы. Ал аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргенде өзгөртүү киргизүүнү талап кылат.
“ИИМдин бул сунушу коопсуздук жагынан алып караганда туура эле. Бирок бул ишти этап-этабы менен ишке ашырыш керек деп ойлойм. Мисалы, биринчи кезекте көлөмү чоң, жаңы машинелерге милдеттендирсин, аларды колунда бар адамдар айдайт. Ал эми карапайым элге милдеттендирген туура эмес, ала алганы бар, ала албаганы бар. Биз Жогорку Кеңешке кирсе өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, каршы чыгабыз. Карапайым элге милдеттендирбеген башка механизмдерди иштеп чыгышыбыз керек. Кол-буттан кайрып эле, алгыла деп милдеттендирип коюу туура эмес”, — деди эл өкүлү.
Бирок, видеокаттоону орнотуу ар бир айдоочунун коопсуздугу үчүн керектигин депутат танган жок. Ал болгону айдоочуларды милдеттендирүүгө каршылыгын кошумчалады.
Бишкек шаарындагы айдоочулардын айрымдары автоунаасына видеорегистратор орнотууну туура көрөт. Кээ бирлери дөңгөлөк ала албай жүргөндө видео каттоо ашыкча чыгым болорун айтышат.
— Мен терс көз караштамын. Коопсуздук деп айдоочуларды милдеттендиргенден мурун “Коопсуз шаардын” камераларын толук орнотуп, ишке киргизип алышсын, анан ушул талапты койсун. Видеорегистратор эмес кышта дөңгөлөк алганы акчасы жоктор бар.
— Коюш керек. Анктени, кечинде айдап баратсаң алдыңан мас абалындагы адамдар атайын чыга калат, жөө жүргүнчүлөр күтүүсүз чыга калышат, ар кандай учурлар болот. Ошондо пайдасы тиет да.
— Өзүңдүн коопсуздугуң үчүн коюш керек. Эми, жолдо эмне болот, ДТП болуп каласыңбы, кудай сактасын, айталбайсың да. Видеорегистратор коюп алсаң карап туруп эле билесиң да ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес экенин.
— Эгерде “мамлекет мына муну алгыла” деп өздөрүнүн товарын айтып, милдеттендирбесе, мен каршы эмесмин. “Өзүңдүн ыңгайыңа карап коюп ал” десе колдойм.
Жарандык активист Семетей Талас уулу видеокаттоо орнотуп алуу айдоочулардын коопсуздугу үчүн ыңгайлуу деген пикирде. Бирок ал бул мыйзам долбоорун бийликтин айла жоктон кабыл алган чечими катары баалайт. Себеби буга чейинки бийлик “Коопсуз шаар” долбооруна бөлүнгөн каражатка видеокамераларды орнотуу иштерин чала кылганын жүйө келтирди.
“Өкмөттүн бул кадамы аргасыздан кабыл алынган чечим да. «Коопсуз шаар» долбоорунун эң биринчи этабына 80 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Казакстанда 25 млн доллар менен Алматы шаарындагы бүт жолдордун кесилишине, а түгүл айрым чоң жолдорго катар камера орнотуп чыккан. Бизде коррупция күч, кенедей Бишкекке очойгон акча бөлүнсө, ал дагы толук бүтпөй жүрөт. Биринчи ошону тактап, акча каякка кеткенин таап, ишти аягына чыгарса болот эле», — дейт Талас уулу.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2022-жылдын 31-августуна чейин өлкө аймагында расмий 11 722 жол кырсыгы катталган. Анын натыйжасында 1247 жаран каза болуп, 18 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган. Ошондой эле мунун ичинен 1902 айдоочу кырсык болгон жерден из жашырып кеткен.
Статистикага ылайык, кырсыкка кабылгандардын 70 пайызы эмгекке жарамдуу, 25 жаштан 40 жашка чейинки жарандар болгон.