Connect with us

Оң рулдуу унааларды такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окуудан өттү

Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 241 | 0

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште оң рулдуу унааларды такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окуудан өттү.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, ИИМдин өкүлү баяндама жасады.

Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

ИИМ оң рулдуу автоунаалар жол кырсыгына көп кабылып жаткандыктан мындай машинелерди такси катары айдоого тыюу салынарын билдирди. Бул маселе айрым депутаттардын сынына кабылды.

Депутат Дастан Бекешев “Турмуш шарты оор же акчага муктаж жарандар оң рулдуу унаасы менен такси кызматын көрсөтүп акча табышы мүмкүн. Муну мыйзам менен чектеп койгондо, алар такси кызматын көрсөтө албай үй-бүлөсүнө акча алып бара албай калат да. Эмне кылышы керек ошондо”, — деп суроо салды.

Улуттук статистика комитети билдирген маалыматка ылайык, 2024-жылы 910 оң рулдуу автоунаа катышкан жол кырсыгы катталып, 56 адам каза болуп, 1420 киши жаракат алган.

Кыргызстанда 180 миңден ашык оң рулдуу автоунаа катталган.

Copyright © 2017 Maral FM