Биз менен байланышыңыз

ИИМдин райондук жетекчилери ротацияланды

Кыска кабар | 6 Мар 2023 | 2686 | 0

Бир катар райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери башка аймактарга ротацияланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин буйруктарына ылайык,

полковник Кенжебай Абдуллаев Араван РИИБинен Кызыл-Кыя ШИИБине;

полковник Нурланбек Бурканов Кызыл-Кыя ШИИБинен Араван РИИБине;

полковник Уланбек Коноев Жумгал РИИБинен Ноокен РИИБине;

полковник Алтынбек Мусаев Ноокен РИИБинен Жумгал РИИБине;

полковник Медербек Муратов Базар-Коргон РИИБинен Талас ШИИБине;

полковник Асрор Тентиев Талас ШИИБинен Базар-Коргон РИИБине кызмат которушту.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана алдын алуу, кылмыштардын бетин ыкчам ачуу, кол салууларды болтурбоо сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM