Биз менен байланышыңыз

Бир катар саясатчы, активисттердин үйү тинтүүгө алынды

Кыска кабар | 23 Окт 2022 | 546 | 0

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин бир катар мүчөлөрүнүн үйүн тинтүүгө алып, аларды кармап кетти. Бул тууралуу активисттер социалдык баракчалары аркылуу билдиришти.

23-октябрь таң эрте жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан социалдык баракчасына үйүн тинтүүгө алып жатканын билдирген. Күч кызматкерлери тинтүүдөн кийин аларды райондук ички иштер башкармалыгына алып кеткен.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бардык мүчөлөрүнүн үйүн тинтүүгө күч кызматкерлери келгенин айткан. Аларга «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча иш козголгондугу айтылууда. Ички иштер министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.

22-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүштү.

Алар:

А.Мадумаров, А.Масалиев, А.Бекназаров, А.Акматов, Б.Асанов, К.Дүйшебаев, Р.Жээнбеков, М.Абылов, Ж.Молдокматов, К.Исаев, К.Сооронкулова, Т.Куренов, У.Маматаев, К.Кадыров, А.Сасыкбаева, Ы.Кадыралиева, П.Суранова, Р.Карасартова, С.Жапыкеев, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бусурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, О.Нарматова, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Э.Бекчороев жана башкалар.

Комитетке мүчөлүккө каалоочулар каттала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM