Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: Баңгизат уурдаган ИИМдин кызматкери камакка алынды

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 459 | 0

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери тарабынан кылмыш иш боюнча далил катары өткөрүлүп берилген салмагы 10 кг, 758 грамм «гашишти» сатуу максатында атайын сактоочу камерадан уурдаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы ИИМдин ички коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзгөн.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) менен иш козголуп, Биринчи Май райондук ИИБнин башкармалыкты камсыздоонун старшинасы М.С.С. камакка алынды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM