Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Турак жай кооперативдерине 73 кылмыш иши козголгон

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 426 | 0

Быйыл 3 айда турак жай кооперативдеринин ишмердиги боюнча 73 кылмыш козголгон. Ошондой эле өткөн жылдагы 2 кылмыш дагы иликтенип жатат. Азыркы учурда 37 кылмыштын материалы сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

17 иштин материалдары жарандык сотко тиешелүү болгондуктан өндүрүштөн кыскартылган. Калган фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. 77 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Андан сырткары 30 жарандын кайрылуусу текшерилип жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 139 адам жабыркап, 66 млн 641 миң сом чыгымга учураган.

Бишкек шаары боюнча:

«Белый дом KG» кооперативине 37 кылмыш козголгон. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 11 миллион сомду түзөт. Кооперативдин директору шектүү катары камакка алынган.

Ош шаары боюнча:

«Ордо-Мурас» кооперативине 17 кылмыш козголгон. Азыркы учурда кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен токтотулган.

«Биринчи турак жай» кооперативи боюнча азыркы учурда 1 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 16 миллион сомдон ашык. Бул кооперативдин үстүнөн 30 жаран арыз жазган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан S-Line кооперативи боюнча 19 кылмыш иликтенип жатат. 40 кылмыш бир өндүрүшкө бириктирилген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Андан сырткары, «Ихсан Групп ЛТД» коопертивинин иши боюнча кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM