Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасы: Эки айда 133 адам 61 млн сомунан кол жууган

Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 682 | 0

Ички иштер органдары акыркы 2 айда каржы пирамидаларын уюштуруу фактылары боюнча 111 ишти тергеп, анын 91ин соттун кароосуна жиберди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Мындан 133 адам жабыр тарткан. Алар алдатып ийген акчанын жалпы суммасы 61 миллион сомду түзгөн.

Каржы пирамидасы – каржылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Адатта алар жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.

Көп учурда кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат.

Copyright © 2017 Maral FM