Биз менен байланышыңыз

Музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 %га жогорулатылды

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 1070 | 0

Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80 пайызга жогорулатуу орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM