Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Чыгармачылыкты заказ берүү менен өстүрөбүз

Коом | 3 Ноя 2021 | 907 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер жана бир нече мыйзам долбоору каралды. Ошондой эле 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Түрк маданияты жана мурасы фондунун каржылык эрежелери жөнүндө» макулдашуу жана мунун негизинде 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган «Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрү боюнча протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. Депутаттар жыйында жалпы эле Кыргызстандагы маданият тармагы, бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы жана маданият министринин пландары, аткарып жаткан иштери боюнча пикир билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түрк маданияты жана мурасы фондунун каржылык эрежелери жана милдеттүү төлөмдөрү боюнча макулдашуунун маанисин айтып берди.

«Түрк маданияты жана мурасы фондунун каржылык эрежелери жөнүндө» макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган «Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрү боюнча протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууга киргизип жатабыз. Бул протоколдо мурда биздин мүчөлүк акыбыз 5% деп белгиленип келген. Макулдашуунун жана талкуунун негизинде аны 0,5%га түшүрдүк. Фонддун бюджети 2 млн 700 миң доллардын тегерегинде. Азыр 14 миң доллар беребиз. Штаб-квартирасы Бакуда. Кыргызстандан бир өкүл болот. Азыр ратификациялангандан кийин фонд иштеп баштаса, ким өкүл болуп бара турганын Маданият министрлиги аныктайт».

Эл өкүлдөрү Түрк маданияты жана мурасы фонду боюнча мыйзам долбоору керектүү жана маанилүү экенин белгилешип, аны колдой турганын билдиришти. Депутаттар жаңы дайындалган министр Азамат Жаманкуловдун алдыга койгон план жана максаттарына кызыгышты.

Министр маданий имараттардын абалы жакшыртууга бел байлаганын, ошондой эле мамлекеттик тапшырык берип, жаңы чыгармаларды жаздыруу жана тарттыруу иштерин алып бара турганын билдирди.

«Маданият министрлигине караштуу тармактардын баарын карап көрө турган болсок, имараттардын абалы аябай начар деңгээлде. Ошолордун баарын оңдоону чечтик. Мына Орус драма театрын да жакынкы күндөрдө оңдоп баштайбыз. Кыргыз драма театрын жаңы жылга чейин бүтүрөбүз. Анан 30 жылдан бери музейлерге кол тие элек. Ошолордун баарын жаңылоо керек, китепканаларды жаңылоо керек. Мына ошолорго азыр бел байладык. Экинчиси, чыгармачыл адамдарга стимул берип, жаңы чыгармаларды жаздыра турган бир эле чоң механизм бар, ал — мамлекеттик тапшырыктар. Мамлекет романдарга, повесттерге, операга, балетке, киного чоң-чоң каражаттарды бөлүп, жаңы чыгармаларды жаздырышы керек. Мына ошого буюрса бюджеттен каражат бөлүп, чыгармачыл адамдардын башын бириктирип, көрүнүктүү чыгармаларды кайра алып келели деп жатабыз. Анткени, жаңы Айтматовдор, Токомбаевдер, Кийизбаевалар пайда болушу керек. Мына ушул эки багытты приоритет катары көрүп жатабыз».

Депутат Шайлообек Атазов Жаштар жана спорт министрин түзүп, маданият министрлигинен бөлүү маанилүү экенин айтып, спорт тармагы өгөйлөнүп калбашы керектигин белгиледи.

Азамат Жаманкулов буга чейин спорт агенттиги жана комитети болуп келгендигин белгилеп, министрликке кошуу менен спорт тармагындагы негизи маселелерди министрликтин деңгээлинде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлө турганын айтты.

«Спорт азыр дүйнөлүк чемпионатта жана олимпиадада абдан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Спорттун келечеги кең. Өкмөттө азыр бир канча реформа болду, көп багыттар бир министрликке бириктирилди. Спорт менен маданиятты бир министрликке бириктирүү чечими болгон. Азыр спорттун жана маданияттын маселелерин чечүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Өзүнчө да кылып койсо болот эле, комитет же агенттик бул убакытка чейин болуп келген. Бирок министрликтин деңгээлинде мындан да натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк бар». 

Эл өкүлдөрү Кыргызстанда 1064 китепкана болгону менен аны иштеткен китепканачылар өлкө боюнча эң аз 5000-6000 сомдун тегерегинде айлык ала турганын белгилешип, китепканаларды заманбап шартта жабдуу жана абалын жакшыртуу маселесин көтөрүштү.

«Бизде китепканаларды каржылоо райондук деңгээлге чейин гана. Айылдык деңгээлдеги китепканалар айылдык кеңештен каржыланат. Шаардагы китепканалар шаарлардын бюджетинен каржыланат. Акыркы эки жылдан бери жаңылануу бар. Китептерди 5-10 млн сомго чыгарып, таркатып жатабыз. Бирок бул жеткиликтүү эмес, бир китеп чыгарсак, бүтүндөй китепканалар системасына 2 китептен гана барат деген сөз да. Өкмөттүн отурумунда маданиятка көбүрөөк көңүл буруп, балдар адабиятына, дүйнөлүк жана кыргыздардын классикаларын көбүрөөк чыгарып таркаталы деп жатабыз. Китепканалар боюнча жеке оюмду айта турган болсом, алардын форматын өзгөртүп, жаштарды тартуу керек. Китепкана креативдин, инновациянын борбору болушу керек».

Жыйында депутаттар маданият, спорт, кино, туризм тармактарын өнүктүрүү менен чоң киреше булагына айлантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышып, бул багытта бир канча сунуш беришти.

Copyright © 2017 Maral FM