Кыргызстанда энергетика таңсыктыгы көйгөй бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Ош шаарынан келген делегат Нуркыз Кадырбекова билдирди.
Ал Кыргызстандагы энергетика таңсыктыгын Ош шаарын мисал келтирүү менен түшүндүрүп берди.
Айтуусунда, Ош шаары күнөстүү аймак болгондуктан ар бир тейлөөчү бюджеттик мекеме ишканаларында, салттуу эмес энергетика өндүрүү үчүн күн панелдерин коюуга болот.
«Аны ким коет? Кыргызстанда уникалдуу Жогорку технологиялык окуу жайларынын бири Ош технологиялык окуу жайы Ош шаарында жайгашкан. Бүгүнкү күндө алар өздөрүнүн корпусуна энергетика өндүрүүчү күн панелдерин коюшту. Бирок мен эмнеге мекеме ишканаларга койбойсуңар деп сурасам, алар Энергетика министрлиги тарабынан лицензия берилбегендигин айтышты. Урматтуу президент, ушул практиканы Ош шаарынан баштап, анда соң Жалал-Абад, Баткен облустарына жайылтсаңыз, жаштарга практика, жумуш орду жана энергетикада гаджетти колдонуу, ошондой эле калкты тейлөө борборлорундагы узун кезекти жоюуга жакшы мүмкүнчүлүк болмок», — деди ал.
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 698 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.