Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эгемендиктин 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 803 | 0

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында эгемендиктин 30 жылдыгын майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чара коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин параддык эсеп менен саламдашуусу жана куттуктоосу менен башталды.

Рапорт кабыл алынган соң президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров көз карандысыздык мааракесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнүн урматына «Ала-Тоо» аянтында Коргоо министрлигинин, УКМК чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абада коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМ аскерлеринин, Ички иштер министрлиги жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын катышуусунда аскер парады өттү.

Парадда жалпысынан 2 миңден ашуун адам катышты.

Андан соң, зооттуу танкалык техника, атайын багыттагы бөлүктөрдүн ошондой эле, эмгекчилдердин салтанаттуу жүрүшү орун алды.

Copyright © 2017 Maral FM