Биз менен байланышыңыз

Президент Достук чек ара заставасынан кабар алды

Кыска кабар | 25 Дек 2022 | 411 | 0

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкө башчы заставанын имаратынын абалы жана аскерлердин кызмат өтөө шарттары менен таанышып, мекеме керектүү жабдуулар менен жабдылганы жана талапка жооп берери белгиленди.

«Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Мамлекет башчы 24-декбарда Баткен облусуна атайын жумушчу сапары менен барып, сентябрдагы Тажикстандын кол салуусунан кыйраган үйлөрдүн курулушу менен таанышууда.

Президент чек ара тилкелериндеги айыл тургундары менен жолугушуп, аймактарды өнүктүрүү маселесин талкуулап, суроолоруна жооп берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM