Биз менен байланышыңыз

«Экономикадагы 8% өсүү убактылуу көрсөткүч болуп калышы мүмкүн»

Экономика | 7 Окт 2022 | 1001 | 0

Кыргызстандын экономикасы быйылкы жылдын сегиз айында 8%га өстү. Мындай билдирүүнү экономика министри Данияр Амангелдиев 4-октябрдагы маалымат жыйында айтты. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттин кирешеси быйылкы жылы 187,4 млрд сомду түздү.

Министр өлкө бюджети акыркы алдын ала эсептөөлөр боюнча 2020-жылга салыштырмалуу 139,2 пайызга, өнөр жай тармагынан өндүрүлгөн сумма 18,2 пайызга өскөнүн билдирди.

«Пандемиядан кийин экономикабыз 2021-жылдын сентябрында гана оң көрсөткүчкө чыккан. Өкмөттүн убагында жасалган иш-аракеттери менен гана жыл аягына чейин 3,6 пайызга чыккан. 2022-жылдын 8 айына карата алынган статистика боюнча экономиканын өсүү темпи 8 пайызды түздү».

Амангелдиев жарыялаган экономикалык секириктерди президент Садыр Жапаров да Дүйнөлүк банктын операциялык иш-чаралар боюнча директору Аксель Ван Трокценбург менен жолугушуусунда белгиледи. Жапаров өлкө экономикасы акыркы январь-август айында 8 пайызга өскөнүн айткан.

Экономисттер бул көрүнүшкө ар тараптуу баа берип жатышат. Айрымдары оң баалап, өсүш байкалганын айтышса, кээ бирлери бул көрсөткүчтөр убактылуу болуп калышы мүмкүн экенине кабатыр.

Экономист Кубан Чороевдин пикиринде, өкмөт жарыялап жаткан сандар былтыркы жылга салыштырып айтылып жатат. Ал өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү терс болгонун эске салып, ошого байланыштуу быйылкы көрсөткүчтүн пайызы жогору көрүнүп жатканын билдирди.

«Маселеге эки жагынан карашыбыз керек. Маселен, 2021-жылы ИДП кандай болгон, аны да карашыбыз керек да. Анткени, былтыр экономикада өсүү эмес, тескерисинче, төмөндөө болгон. Экономикалык көрсөткүч ар дайым өткөн жылкыга салыштырылып айтылат. Экинчи жагы, инфляцияга жараша киреше да өстүбү? Аны да эске алуу керек. Мисалы, инфляция 10%дан ашса, киреше да ошого жараша көтөрүлүшү керек».

Жогоруда эксперт белгилеген экономикалык терс көрсөткүч январь-август айларында катталган. Ал эми оң көрсөткүчтөр сентябрдан баштап байкала баштаганын Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев тастыктады.

Ал азыркы көрсөткүчтөр болжол боюнча жыл аягында 5 пайызга түшөт деп билдирди. Анткени 2021-жылдын сентябрь айынан тарта бул көрсөткүч 3,6%га өскөн.

«Азыр 8% болсо, эмнеге жыл аягында 5% болот?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Мунун себеби мындай: былтыр январь-август айында экономикалык көрсөткүч терс болчу, сентябрь айынан баштап оң көрсөткүч берип, жыл аягына чейин 3,6 пайызды түзгөн. Ошонун натыйжасында мындан аркы көрсөткүч өткөн жылга салыштырылгандыктан 5 пайыздын тегерегин бериши күтүлөт».

Шамшиев ЕАЭБдеги мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын экономикасы өсүү темпи жагынан жогору турарын айтат. Ал Орусия менен Беларустун экономикасы терс көрсөткүч менен келатканын, Армения жана Казастандын көрсөткүчтөрү Кыргызстанга салыштырмалуу төмөн экенин билдирди.

Бул өсүүнүн себебин Шамшиев өлкөнүн көзгө басар өнөр жай тармагынын өнүгүүсү менен байланыштырды.

«Негизги өсүү өнөр жай тармагында болду, 119,6 пайызга өстү. Анын ичинен алтын өндүрүү 40 пайыздан ашты былтыркы жылга салыштырмалуу. Андан башка мунайзатты кайра иштетүү, айыл чарба, жеңил өнөр жай тармагы да алдыга сүрөдү. Бирок энергетика тармагы терс көрсөткүч көрсөттү».

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров министрликтин отчётундагы сандар учурдагы убактылуу кырдаалга байланыштуу деген ойдо.

Ал Орусияга Кыргызстан аркылуу өткөн товарлардан бюджетке түшкөн салыктын көлөмү салыштырмалуу 10 млрд сомдон ашканын билдирди.

«Мен алты айдын цифраларын карап, талдап чыктым. Чынында эле ички дүң продукциянын чыныгы өсүшү 7%дын тегереги экен. Формалдуу 20 пайыздан ашык дептир, анын 14%ы инфляция болуп эсептелет. Ал эми бюджеттик өсүшкө келсек, бул көбүнчө биз аркылуу Орусияга өткөн товарлардан түшүптүр, былтыркы жылга салыштырмалуу 10 млрд сомго көбүрөөк экен. Андан сырткары «Кумтөрдөн» да 13-14 млрд сомго көбүрөөк пайда түшүптүр. Ошентип бюджет былтыркыга караганда 20 миллиарддан ашык каражатка өсүптүр, бул жакшы. Бул ИДПнын номиналдуу өсүшүнө барабар экен. Бирок бул кирешелер канчалык туруктуу болору суроо жаратат. Реимпорт Орусия менен Украина маселесине байланыштуу. Ал эми «Кумтөрдөн» түшкөн каражат канчалык туруктуу болот, аны тармактын адистеринен тактоо керек».

Абакиров өлкөдө бизнес өспөй жатканын, экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн жеке бизнестер өнүгүшү керектигин кошумчалады.

Бир жыл мурун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө бюджетин 2022-жылы 400 млрд сомго, 2023 500 сомго, ал эми 2024-жылы 600 млрд сомго чейин көтөрүүнү убада кылган.

Биз бюджеттин аткарылышы тууралуу Финансы жана каржы министрлигине суроо узатып, жооп ала алган жокпуз. Бирок мекеме буга чейин Жапаров убада кылган бюджетти 400 млрд сомго жеткирүү планы бар экенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM