Connect with us

Аба ырайы: 18-ноябрда күн ачык болот

Кыска кабар | 17 Ноя 2024 | 231 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 18-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM