Connect with us

Декабрдан тарта Орусияга киргенде биометрикалык маалыматтар талап кылынат

Кыска кабар | 15 Ноя 2024 | 257 | 0

Орусия өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан тарта Орусияга чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар кирип-чыгууда биометрикалык маалыматтарын тапшыруу боюнча эксперимент башталат.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан өтүүдө Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.

Биометрикалык маалыматтарга адамдын жүзүн санарип сүрөткө тартуу жана манжалардын папиллярдык издерин сканерлөө кирет.

Министрлик кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарынын талаптарын эске алууга жана жогоруда аталган чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга алдын ала даяр болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM