Connect with us

Бишкектин Айтматов проспектисиндеги теректер кыйылат

Кыска кабар | 15 Ноя 2024 | 205 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу Айтматов пропектисинин четиндеги теректар кооптуулук жараткан үчүн кыйылаарын айтты.

Анын сөзүнө караганда, аталган жолдун боюнда 1600 түп терек бар. Изилдөөнүн жыйынтыгында, 1400 түбү кооптуу экени аныкталган. Теректерди кыюу этап-этап менен жүргүзүлүп, алгач ноябрдын соңунда 200 бак кыйылат.

Кыйыла турган теректер 1970- жылдан 1975-жылга чейинки аралыктарында тигилген. Алардын жашоо мөөнөтү 40-45 жыл деп белгилендигин айтты.

«Жашыл шаар статусун сактап калуу зарыл. Теректин ордуна биздин климатка ылайыкташкан жазы жалбырактуу дарактарды отургузуу боюнча сунуштарды алдык. Бул иш-чара шаар үчүн маанилүү. Биз теректерди кыюу менен гана алектенбейбиз. Мындан сырткары, газондорду жана бадалдарды жаңылайбыз. Долбоорго чуркоо жана велоспорт жолдору да кирет» — деди мэр.

Мэрия кыйылган теректерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берүүгө даяр экендигин билдирди.

Калаа башчысы жаңы теректерди орнотууга азырынча канча каражат кетери белгисиз экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM