Connect with us

Президент Жапаров шайлоо таза өтөрүн убадалады

Кыска кабар | 17 Ноя 2024 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда №1046 шайлоо участогунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты.

Добуш берүүдөн кийин Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгиледи.

“Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 минут, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки “карусель” жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды”, — деди президент.

Мамлекет башчы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.

Жергиликтүү кеңештерге кезексиз шайлоо президенттин Жарлыгы менен дайындалган.

Шайлоо 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерде өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM