Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар өкмөттүк делегациялардын жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча чек аранын калган участкаларынын долбоордук сыпаттамасы аяктаганын канааттануу менен белгилешти.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого жардам бере турган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө каалоолорун билдиришти.
Чек арадагы иштер аяктагандан кийин тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жана эки өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасоо тууралуу сүйлөшүшкөн.
Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси толук чечилгенин билдирген.
Президент «Кабар» маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек арасы эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айткан. «Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот.
Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат», — деп билдирген президент.
11-декабрда Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айынын ортосунда киргизилерин айткан.
Ушул жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болгон. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктаган.
Буга чейин чек ара такталбаганынан 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуу болгон.