Connect with us

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

Кыска кабар | 27 Дек 2024 | 226 | 0

Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад облусунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу башталды. Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров катышты, ал эми Кытай менен Өзбекстандын президенттеринин кайрылуусу окулду.

Садыр Жапаров темир жолдун курулушу Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштырган жаңы көпүрө болорун айтты.

«Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдап, Борбор Азия мамлекеттеринин максаттарына жооп берет. Улуу Жибек жолунунун тарыхый деми калыбына келет. Кыргызстандын аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт, жетүүгө кыйын райондорго жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Темир жолду куруунун бардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Кытай жана Европа өлкөлөрүнө жол ачылат. Тыгыз кызматташуунун негизинде темир жолду убагында куруп, ишке беребиз деп ишенем» , — деди президент.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун премьер-министрдин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, үч өлкө бул күнгө 30 жыл умтулганын белгиледи.

«Өзбекстан темир жолду куруунун бардык этаптарына активдүү катышууга ниеттенүүдө», — деди Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары.

Быйыл 21-декабрда Бишкектеги «Ынтымак-Ордо» администрациясында Кыргызстандын министрлер кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлган.

«Кытай-Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу — бул долбоорго катышкан өлкөлөрдүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү элементи экенин жана өлкөлөргө социалдык-экономикалык натыйжаны гана алып келбестен, региондор аралык байланыштарды чыңдай турганы айтылып келет.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланып, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын базарларына (анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздайт) жол ачат.

Долбоордун жалпы наркы 4 млрд 665 млн доллар болсо, анын тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Бул сумманын 51%ын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет.

Темир жол «Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад – Анжиян» багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Кыргызстандын аймагында 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Copyright © 2017 Maral FM