Бишкек шаарынын мэриясы транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Аламүдүн базарынын айланасында унаа кыймылынын схемасына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ага ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде жана Курманжан Датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу чөнтөктөр демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка, андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат.
Кыймыл чиймени өзгөртүү 2025-жылдын 1-январынан баштап пилоттук долбоор алкагында киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын узартпоо үчүн да өзгөртүүлөр киргизилет.
Унаа кыймылын өзгөртүү Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан иштелип чыккан жана Бишкек шаардык ИИБдин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жол көзөмөл бөлүмү, Раззаков атындагы КМТУ менен макулдашылган жана Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясы тарабынан бекитилген.