Connect with us

Учактагы эң коопсуз орундуктар кайсы?

Блог | 27 Дек 2024 | 419 | 0

25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортуна жакын жерде Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан учак кырсыкка кабылган. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Авиакырсыктан кийин 29 адам аман калды. Алардын арасында үч кыргызстандык да болгон.

Кыргызстандыктардын биринин абалы оор, экөөнүн абалы орто экендигин Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Бул окуядан кийин коомчулукта учактагы коопсуздук маселечи, орундуктардын коопсуздугу талкууланууда.

Учактагы эң коопсуз жайларды кантип туура тандоо керек?

Учак мене сапарга чыкканда көптөгөн жүргүнчүлөр учактагы эң коопсуз жайлар кайсылар экендигине кызыкшат. Учак менен сапарга же саякатка чыкканда эң коопсуз жана ыңгайлуу орундукту кантип тандоо керектигин карап көрөлү.

Учактагы эң коопсуз орундуктар кайсылар?

Изилдөөлөргө ылайык, авариялык кырдаалдарда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу көптөгөн факторлордон көз каранды: учактын ичиндеги отургучтардын орду, эвакуациянын ылдамдыгы жана кырсыктын түрү.

  • Учактын алдыңкы бөлүгү. Бул бөлүктө экипаж жана андан кийин бизнес-класс бөлүгү жайгашкан. Адистердин эсептөөсүндө учактын бул бөлүгүндө жүргүнчүлөрдүн аман калуу пайызы жүздөн 49% деп эсептелет.
  • Учактын канатына жакын орундуктар жана ортоңку бөлүгү. Учактагы эң коопсуз жайлар борбордук бөлүгүндө, айрыкча канаттарга жакын жерде жайгашкан отургучтар. Мунун себеби, кырсык учурунда сокку көп учурда самолеттун алдыңкы же арткы жагына тийип, борбордук аймак азыраак сокку алат. Бул бөлүктө отургандардын кырсык же өзгөчө кырдаал учурунда аман калуусу 56% деп айтылып келет.
  • Учактын арткы бөлүгү. Статистика боюнча, самолеттун артында отургандар авиакырсыктарда алдыңкы бөлүктө отургандарга салыштырмалуу көбүрөөк аман калуу ыктымалдуулугу жогору экен. Бул алдыңкы бөлүк кооптуу дегенди билдирбейт, бирок арттагы жайлар авария учурунда аз кыйроого учурашы мүмкүн. Пайыздык көрсөткүч менен алганда аман калуу ыктымалдуулугу 69% деп белгиленет.
  • Эвакуациялык эшиктер. Авариялык чыгуу эшиктерине жакын жайлар, адатта, коопсузураак деп эсептелет, анткени кырсык учурунда учактан тез чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Негизинен учак эң коопсуз транспорт каражаттарынын катарына кирет. Авиакырсыкка учуроо ыктымалдуулугу өтө төмөн. Статистика боюнча 11 млн учуунун бири гана кырсыкка кабылат.

Жургүнчүлөр билүүгө тийиш болгон нерселер

Учактагы жүргүнчүлөр учуу жана конуудагы коопсуздук эрежелер менен танышууга тийиш. Анткени жүргүнчүнүн эрежени сактоосуу учактын учуудагы коопсуздугуна таасирин тийгизет. Экипаждын кеңештерин, сунуштарын жана көрсөтмөлөрүн түшүнүү менен кабыл алуу керек. Ошондой эле коопсуздук курун тагуу зарыл жана электрондук жабдыктарды жана мобилдик телефонду өчүрүү талаптарын аткаруу зарыл. Себеби, учкучтар диспетчерлер менен радиостанция аркылуу байланышкандыктан планшеттердин же телефондордун иштеши учкучтун диспетчерге байланышуусуна тоскоолдук жаратуусу мүмкүн.

Учактагы жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук эрежелери

Учак көтөрүлүп жана конуп жатканда, жүргүнчүлөр экипаждын айткандарын аткарууга тийиш:

  • Орундуктарды вертикалдуу абалга келтирүү (бул кырсык учурунда башкаларга ыңгайсыздык жаратпайт).
  • Учактын иллюминаторлорунун перделери ачык болушу керек (бул кырсык учурунда жүргүнчүгө айлана-чөйрөнү карап, көнүүгө жардам берет).
  • Орундуктагы тамактануучу үстөл жабык болушу керек.
  • Электрондук каражаттарды үнсүз кылуу керек.
  • Учак абага көтөрүлгөндөн учурда, жүргүнчүлөр орундуктарндан орун алуусу жана коопсуздук курун тагынуусу керек. Тынчтыкты сактоо жана паникага алдырбоо дагы маанилүү талаптардын бири болуп саналат. Учак абада баратканда тербелүү учурлары да көп кездешет, бул негизинен кооптуу эмес жана учактын көлөмүнө жараша болот — кичинекей учактарда тербелүү күчтүү болот.

Учак абага көтөрүлүп жатканда эмне кылуу керек?

Учак абага көтөрүлүп жаткан мезгилде коопсуздук курун тагынуу зарыл. Ошондой эле электрондук буюмдарды колдонбоо керектиги айтылат.

Учак белгиленген бийиктикке чыккандан кийин, жүргүнчүлөргө орундуктан турууга, тамактанууга, уктоог жана башка иштерди жасоого уруксат берилет.

Учактын конуу мезгилинде жана токтогондон кийин эмне кылуу керек?

Авиаучуунун эң акыркы этабы учактын жерге конуусу. Учактар конуу учурунда кырсыкка кабылуусу мүмкүн. Ошондуктан бул эрежелерди сактоо өзгөчө маанилүү. Мына, негизги эрежелер:

  1. Учак токтогондо жана экипаж учак токтогоунун билдиргенге чейин ордуңуздан туруп кетпеңиз. Эгер учак токтой элегинде ордуңуздан туруп алсаңыз, учак каттуу бурулганда жаракат алып калууңуз мүмкүн.
  2. Коопсуздук куру тагылуу болуусу шарт. Коопсуздук курун экипаждын мүчөлөрүнүн айтуусу менен гана чыгарганга болот.
  3. Башыңызды колдоруңуз менен кармап, тизеге бүгүлүүгө даяр болуңуз. Бул кырсык учурунда жаракат алуу коркунучун азайтат.
  4. Экипаж мүчөлөрү учак конгонун, чыгууга мүмкүн экендигин айтканда гана коопсуздук курун чыгарып, учактан чугууга болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM