Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорунун максаты, жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын жана жоопкерчиликтерин ишке ашыруу болуп саналат. Мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылууга жана мыйзам базасын өркүндөтүүгө багытталган.
Ал эми «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк диний билим алуу процессин жөнгө салуу сунушталууда.
Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек.
Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргыз Республикасынын аймагында жараксыз деп эсептелет.