Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Калктын аярлуу катмарына бөлүнчү каражаттын көлөмү көбөйдү

Кыска кабар | 25 Дек 2021 | 498 | 0

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жыйынында калктын аярлуу катмарына берилчү жардамдын көлөмү көбөйгөнүн айтты.

Ага ылайык, , калктын аярлуу катмарын колдоого багытталган даректүү колдоонун көлөмү 1-октябрдан баштап 50га өстү, буга чейин 4000 сомдон алып келишкен болсо, эми 8000 сомдон бериле баштайт.

Майыптыгы бар адамдардын 1-топтогулары 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

2-топтогулардыкы 3300 сомдон 6600 сомго;

3-топтогулар 2700 сомдон алып келсе, эми  5400 сомго жогорулатылган жөлөкпулдарды ала алышат. Ал эми тоголок жетим балдарга мурда 2000 сомдон берилсе, эми 6000 сомго көбөйдү.

Мындан тышкары президент карапайым элге көбүрөөк жардам берүү менен жакыр жашагандардын санын азайтып, орто катмардагыларды көбөйтүү максатын ачыктады.

Copyright © 2017 Maral FM