Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Азербайжандын алакасы: 12 документке кол коюлду

Саясат | 11 Окт 2022 | 637 | 0

Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга бүгүн, 11-октябрда келип, аны өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды. Расмий жолугушуу Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болуп, анда эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Кыргызстан менен Азербайжандын Биринчи мамлекеттик кеңешинин жыйыны өттү.

Жыйында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда ал ушул жылдын апрель айында Азербайжан Республикасына жасалган сапарынын натыйжасында эки өлкөнүн парламентинин, өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык активдүү боло баштаганын айтты. Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы соода-сатык кызматташтыгында орток түшүнүк бар экенин, бирок азыркы деңгээли өз дареметине жете электигин билдирди.

«Биз Азербайжан Республикасынын бизнес коомчлугунун биздин рынокто болушун кубаттайбыз жана мындан ары кызматташууга ачыкпыз. Инвесторлорду коргоого кепилдик беребиз жана эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз», — деди Жапаров.

Ал эми Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга расмий мамлекеттик сапары менен алгачкы жолу келди. Ал жыйындагы сөзүндө, эки өлкөнүн достугун бекемдөөгө жана соода-сатык экономикасын жогорулатууга аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

«Кыргыз-азер мамилеси тууралуу Садыр Нургожоевичтин айткандарына кошулам. Биз буга чейин ата-бабаларыбыз сактап келген эки элдин ынтымагын, достугун бекемдеп, мындан ары улантышыбыз керек. Буга чейин Бакуда кол коюлгандай, Кыргызстан жана Азербайжан жарым жылдан бери стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Биргелешкен инвестициялык фондун түзүү чечими бул өнөктөштүктү дагы да өнүктүрүүнүн бир фактору болууда», — деди Алиев.

Жыйындын натыйжасында өлкө башчы Садыр Жапаров жана Илхам Алиев Кыргызстан жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту. Андан сырткары төмөнкү документтерге да кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол;
— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Баку шаарынын (Азербайжан Республикасы) ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Алиевдин мамлекеттик сапарынын алкагында эртең, 12-октябрь Бишкек шаарында Гейдар Алиев атындагы мектептин жана «Кыргызстан-Азербайжан достугу» атындагы сейил багынын ачылуу аземи күтүлөт.

Буга чейин Садыр Жапаров ушул жылдын апрель айында Илхам Алиевдин чакыруусу менен Азербайжанга расмий иш сапар жасаган. Анда кызматташтыкты арттыруу үчүн документтерге кол коюлуп, эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттер аралык кеңеш түзүү каралган. Сапардын соңунда Садыр Жапаров Илхам Алиевди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM