Президент Садыр Жапаровдун ант берип, кызматына расмий киришкенине туптуура бир жыл толду. Бул аралыкта жаңы Башмыйзам кабыл алынып, Кыргыз Республикасы кайрадан президенттик башкарууга өттү. Аны менен өлкөнүн тагдыры, өнүгүшү, келечеги Садыр Жапаровдун мойнуна жүктөлдү. Жетинчи президент бийликке оор экономикалык жана саясий кризис учурунда келгени айтылат. Өлкө башына эгемендикке 30 жыл толгондо келген Садыр Жапаровдун бир жылдагы жетишкендиктери жана кемчиликтери боюнча 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгондорун пикирин тыңдадык.
Туптуура бир жыл мурда Кыргызстандын жаңы шайланган президентинин кызматка расмий киришүү салтанаты өтүп, Садыр Жапаров Кудайдын жана элдин алдында ак иштей турганын айтып, ант берген. Ал 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоодо 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган.
Кызматка киришүү салтанатында Садыр Жапаров «отуз жылдан бери жүргүзүлүп келаткан сясат өлкөнү экономикалык каатчылыкка кептеди» деп өзүнө чейинки бийлик башчыларын айыптап, 2020-жылдын 5-6-октябрында көтөрүлүшкө чыккан элдин үмүтүн уурдатпоого убада берген. Аны менен катар кыргызстандыктардын ошол күндөрдөгү койгон талабын жүзөгө ашыруу президенттик кызматындагы негизги багыты болорун белгилеген. Андан тышкары экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырып, тышкы миграцияны азайтарын айткан.
Садыр Жапаров «Кумтөрдү» мамлекет үчүн иштетүүгө аракет кылам деп сөз берип келген. Убадасына туруп, быйыл Кыргызстандагы эң ири алтын кен «Кумтөр» мамлекетке алынды. Бирок учурда соттошуу процесси жүрүүдө. «Кумтөрдү» буга чейин башкарган «Центерра» компаниясы Кыргызстанды баскынчылыкка айыптап келет.
Экономист Элдар Абакиров бир жыл аралыгындагы көзгө көрүнүктүү иш катары ушул окуяны белгиледи. Бирок, кендин акчасы Каржы министрлигине түшпөгөнү коомчулукта талкууланып жатканын, ал боюнча элге ачык, так маалымат берилиши керектигин эскертти.
«Кумтөр» мамлекеттин башкаруусуна алынып, 14,5 млрд тонна алтын өндүрүлүп, 800 млн доллардан ашык суммага сатылганы, бюджетке 13 млрд сом түшкөнү айтылды. Мурун деле 10 млрд сомдун тегерегиндеги каражат казынага түшүп келген. Демек, быйыл деле ошол акча түшкөн. Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Кумтөрдүн» акчасы Каржы министрлигине түшпөгөнүн көтөрдү. Ошол акчалар боюнча элге ачык, так маалымат берип койсо жакшы болмок, анткени бул — баары бир элдин оокаты. Өлкөдөгү ишкерлер үчүн эң чоң жаңылык жаңы Салык кодекси болду. Бул жаңы кодексте эки чоң кемчилик бар. Биринчиси, салык кызматкерлерине мурдагы каржы полициясынын укуктарын берип койду. Бул инвестициялык климатка тескери таасир этет, анткени биздеги салык органдарында 2,5 миңдей кызматкер иштейт. Алардын айлыгы 10-20 миң сомдун тегереги. Мындай айлык менен коррупциялык тобокелчиликтерге баруу мүмкүнчүлүгү чоң, ал — инвестициялык климатты бузат. Албетте, бардык жерге ККМ коюп, тегиз салык төлөтөбүз деген ниети жакшы, бирок иш жүзүндө өтө катуу колдонсо, тескери эффект берет. Мунун оор эмес нерсе экенин элге түшүндүрүп, бир аз убакыт берсе, ишке ашып кетиши жеңил болмок».
«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова учурда авторитардык бийлик ийгиликтүү иш алып барып жатканын, бирок ал башкаруу өнүгүү алып келгени байкала электигин айтты. Ошондой эле президенттин командасы чабал экенин сындады.
«Иштейм деген кишинин ишинин жыйынтыгы бир жылда эле билинет. Кадр саясатынан эле аксап жатканын көрүп турбайбызбы. Ишти президент жалгыз алып барбайт, сөзсүз түрдө командасы болушу керек. Ал түздөн-түз кадр саясаты менен байланыштуу. Кадр саясаты өтө начар болуп жатканын өзүнүн кудасы да айтып, «тегерегиңизди тазалаңыз» деди. Президент көп кишиге милдеттүү болгондой болуп жатат. Баарына эле кызмат берип, карызы бардай көрүнүп жатат. Кадр саясаты оңолмоюнча, өнүгүү жолуна түшө албайбыз. Өнүгүүнү коюп, жок дегенде туруктуулук жолуна түшүп алсак болмок. Өкүнүчтүүсү, азыр ошол туруктуулук да жок, дале революциянын коркунучунда жашап жатабыз. Бийлик өзү деле коркуп турат».
Саясатчы Равшан Жээнбеков Жапаровдун бийлигинин үч жетишкендигин жана эки кемчилигин санап берди.
«Жетишкендиктерди айта турган болсок:
- Биринчиден, президенттик бийлик жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алды. Мурда калп эле «өкмөт, Жогорку Кеңеш, сот чечет» деп келген. Бирок баарын президент өзү чеччү. Азыр президенттин бардык жоопкерчиликти мыйзам түрүндө да, реалдуу түрдө да өзүнө алып жатканы — жакшы нерсе. Анткени ким жоопкер экенин эл так билет;
- Экинчи, мурдагылардан айырмаланып, Кремль менен өтө жакын иштебей, алысыраак иштегенге жана алардын айтканын укпай койгонго болорун көрсөтө алды;
- Үчүнчүдөн, Кытай менен мамилени бир топ алдыга жылдырды, оңдоду. Эки жылдын ичинде Кытай бизге 200 млн доллар акча берген учур тарыхта болгон эмес. 2020-жылы 50 млн доллар акча берген, былтыр 150 млн доллар берди. Ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу жана газ түтүгү жылып баштады.
Кемчиликтердин негизгилерин белгилей кетсем:
- Жакырчылык боолуп көрбөгөндөй өстү.Мурдагы жылдарда жакырчылык 22%дын тегерегинде болсо, Дүйнөлүк банктын расмий статистикалык маалыматы боюнча былтыр 35%га чыкты. Бул биздин тарыхыбыздагы эң чоң артка кетүүбүз болуп эсептелет. Мына ошол жакырчылыкты басып өтө урган экономикалык өсүү болбой жатат.
- Экинчи кетип жаткан ката, бийлик мурдагылардан айырмаланып, саясий оппонеттерине, сөз эркиндигине, массалык маалымат каражаттарына, жарандык коомго жана саясатчыларга укук коргоо органдары аркылуу жалган жаап, жасалма кылмыш козгоп, куугунтукту болуп көрбөгөндөй жасап жатышат. Жыйынтыгында, Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланды».
Экономист Аймен Касенов Баткенди өнүктүрүү боюнча жакшы аракет башталганын белгилеп, бул саамалыкты башка аймактарга да колдонууну сунуштады. Аны менен Кыргызстан кайсы багыт менен кетери бүдөмүк болуп турганын кошумчалады.
«Баткенди өнүктүрүү боюнча жакшы аракеттер болуп жатат. Бирок ошол долбоорлорду эртелетсе жакшы болмок. Ошондой эле иштерди башка аймакка да жасоо керек. Эмнени көргөн жокпуз? Албетте, Кыргызстандын кайсыл жакка багыт алганын көргөн жокпуз. Жолубуз кайда, ордубуз кайда? Мисалы, дүйнө жүзүндөгү ордубуз кайда болот? Евразиядагы ордубуз кайда? Борбор Азиядагы ордубуз кайда? Биздин милдет, вазийпабыз кандай? Мына ошол суроолорго мен жооп ала элекмин. Калган маселелер ошонун негизинде чечилет. Мындай жерде стратегиялык көз караш болушу керек. Акыркы болгон окуялардан акындардын институтуна сокку урулду. Муну менен биз кыргыздын нукура наркына кол салдырып жатабыз. Биз өзүбүздүн институттарыбызды өнүктүрүүнүн ордуна аларды жок кылып, башаламандык болуп, бир-бирибиз менен «Фейсбукта» кырылышып эле жатып калдык. Ошону менен дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесстерди байкабай калуудабыз. Кандай позицияны карманышыбыз керек, эмне чара көрүшүбүз керек, ошолорду ойлонуп, ошол боюнча сүйлөшүшүбүз керек болууда».
Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгында экономиканын өсүү темпин 3%га чейин камсыз кылуу пландалууда. Бул Кыргызстандын кризистен акырындап чыгып баратканын жана экономиканын калыбына келе баштаганын билдирет.
2022-жылы көмүскө экономикадан мамлекеттик бюджетке кошумча каражаттарды тартып, салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртуу менен өлкөнүн консолидацияланган бюджетин 400 миллиард сомго чейин чыгаруу пландалууда.