Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 7 миңден 12 миң сомго көтөрүлдү

Без рубрики , Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 583 | 0

Кыргызстанда соттордун негизги айлыгы 81 миң сомдон 160 миң сомго көбөйдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Бир нече багыттагы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү үчүн бюджеттен кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, төмөнкү тармактын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөн:

  • аскер кызматкерлери — 21 миңден 28 миң сомго чейин;
  • медицина кызматкерлери — 8 миңден 13 миң сомго чейин;
  • маданият кызматкерлери — 7,8 миңден 11,7 миң сомго чейин.

Финансы министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2022-жылы консолидацияланган бюджетти 403,9 миллиард сомго чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM