Биз менен байланышыңыз

Өкмөт маданият, эс алуу жана спорт кызматкерлерине милдеттүү эмдөөнү киргизди

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 564 | 0

Министрлер кабинети маданият, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызматкерлер үчүн милдеттүү эмдөөнү киргизди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен өкмөттүн 2001-жылдын 21-декабрындагы №800 «Жугуштуу ооруларды иммунизациялоо жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошентип, аталган токтом менен республиканын аймагында жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана милдеттүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси бекитилди.

Бул тизме эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы иштер (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий оюн-зоок мекемелери, балдар аянтчалары, балдар лагерлери, спорттук жана эс алуу борборлору, фитнес клубдар) менен толукталды.

Министрлер кабинети белгилегендей, тизмеге алгач жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды тейлөө боюнча иштер, бардык түрдөгү жана типтеги окуу жайларында иштөө каралган.

Коронавирустук пандемияга байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алуу менен маданият, эс алуу жана спорт тармагынын кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM