Биз менен байланышыңыз

2022-жылы Кыргызстанда Түркмөнстандын Маданият жана искусство күндөрү өтөт

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 759 | 0

Кыргызстан менен Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда Маданият жана искусство күндөрүн өткөрүү пландаштырылууда. Бул туралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга расмий иш сапарында жетишилген келишимдер тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Ал кыргыз-түркмөн маданий байланыштарын чыңдоого багытталган бир катар келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

Аталган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында кинематография жаатында биргелешип тасмаларды тартуу, улуттук оюндарды кайрадан жандандырууда биргелешип иш алып баруу жана бул жаатта тажрыйба алмашуу чаралары каралат.

«Белгилүү болгондой келерки жылы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт жана ага Түркмөнстан да катышат. Буга байланыштуу түрк тилүү мамлекеттер ортосунда улуттук оюндарды кайрадан жандандыруу боюнча чогуу иш алып барууну мерчемдеп жатабыз. Келечекте улуттук оюндар боюнча тажрыйба алмашуу иш-пландарыбыз бар», — деди Кайрат Иманалиев.

Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн жаштарынын өз ара кызматташуусун жакшыртууга багытталган меморандумга кол коюлганын маалымдады.

Министр кошумчалагандай, меморандумдун негизинде эки өлкөнүн жаштарынын тажрыйба алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM