Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштурду. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна «коркунуч келтирерин билдирген» кат алганын айтканы тууралуу маалымат интернет айдыңында талкууланууда.
Ташиев кат ээлерине кайрылып, алардан коркпой турганын, өлкө үчүн иштерин, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук, олигархтар болбосун эскерткен. УКМК төрагасынын маалыматына караганда, президентке да эки ирет кол салуу даярдалып,бирок коопсуздук кызматы алдын алганын айтты.
Улуттук коопсуздуктун башында турган адамга карата коркутуу эмнеден кабар берет? Бул катты жазгандар кандай максатты көздөгөн? Коопсуздук боюнча эксперттерден жана саясат талдоочулардын пикирин чогулттук.
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков маалымат талаасындагы ресурстардын өнүгүүсүнөн улам, мамлекет башчы, алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч келтире турган билдирүүлөр көп болуп кеткенин айтат. Медетбековдун айтымында, буга чейин да бийлик башындагыларга жана жакындарына коркутуулар болгон. Кыргызстандын туңгуч президентинин уулунун үйүнө жардыргыч ташталган окуялар да катталган. Ал УКМК төрагасы Ташиевдин айланасындагы жагдай боюнча, кайсы бир кызыкчылыгы бар тараптын жөн гана психологиялык басымы да болушу ыктымал экенин айтты.
«Бүгүнкү бийлик башчыларына жана алардын жакындарына келген коркутуулар, мамлекетте дагы да терс күчтөр бар экендигин тастыктайт. Азыркы учурда өлкөдө болуп жаткан окуялар, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштер, уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүдө, террористтик-экстремисттик топторго каршы бийлик аёосуз күрөшүп жатат. Мындан улам аталган топтордун коркунуч реакциясын күтүүгө болот. Бийлик өкүлдөрүнө жана алардын үй- бүлөсүнө болгон коркутуулар, бул кылмыштуу топтордун бар экендигин же аларга буйрутма бергендер бар экенин далилдеп турат. Мындан ары бийлик, мыйзамдын негизинде, алар менен күрөшүн уланта бериши керек».
Ал эми саясат талдоочу Эмил Жороевдин баамында, бийлик башында турган жетекчилердин коопсуздугу маанилүү, анткени бүтүндөй мамлекеттин тагдыры алардын колунда турат. Мындай коркутуулар болбошу керек деп эсептейт. Бир четинен укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан кескин саясаттын аркасынан мындай коркутуулар сейрек көрүнүш эмес деген оюн кошумчалады. Жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу элде канчалык ачык маалымат көп болсо, ар кандай жоромолдордон алыс болуп, элге түшүнүктүү болмок деген пикирин билдирди.
«Укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулукка карата, ар кандай экономикалык кызыкчылыктарга карата жасалган иш аракеттер болуп жатат. Бул иштер алар менен күрөшүү аракетинде болуп жатат. Ар кандай кызычылыгы бар тараптардын куйругун басып, алардын кызыкчылыгына тоскоол болуп жаткандыгы айкын. Кечээки берилген маалыматтын артында кимдер турду экен, кандай топ мындай катты жиберди, колунан эмне келет, же жөн гана куру опузабы изилдеп чыгуу керек. Ташиев мырзанын колунда буларды изилдеп чыгуу, каршы турууга мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө опурталдуу, радикалдуу иштер тез ылдамдыкта да болуп жатпайбы. Мисалы, чоң экономикалык объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылып жатат. Чоң компанияларга болгон текшерүүлөр, ар кандай камоолор, ар кандай салык төлөтүүлөр жана башкалар болуп жатат. Ушул болуп жаткан көрүнүштөрдө, кайсы мыйзамдын негизинде кандай соттук чечимдер болуп жаткандыгы тууралуу айкындык болсо, маалыматыбыз көп болсо, ошого жарша мындай опуза коркутуулар эл тарабынан да кескин сөгүшкө алынары анык. Маалымат, ачыктык аз болгондо ошого жараша ар ким ар кандай жоромолду карманышы мүмкүн».
Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Феликс Кулов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйында берген маалыматы тууралуу өзүнүн социалдык баракчасына пикири менен бөлүштү.
Куловдун айтымында ага журналисттер жана башка ондогон адамдар байланышып, анын пикирин сурап жана жашыруун тараптан келген маалыматтан күмөн санагандан тартып, коопсуздук кызматкерлери өздөрүнө жарнама жасап жатат деген жүйөлөрдү келтирген пикирлер айтылганын жазды. Ал өз сөзүндө “өздөрү катты жасады” деген кырдаалды белгилээрин айтып, эгерде өздөрү жасаган болсо алда канча акылдуурак жана ишенимдүү жасамак, — деген пикирин айтты. Жок жерден коркутуу президентттин туугандарына таасир этерин белгилеп, кеңири талдап берген.
«Ташиев катка салынган флешка боюнча кызматтык текшерүүнү күткөн эмес.
Бул жерде ал туура кылды. Сөз мамлекет башчысынын жакындары жана туугандары жөнүндө болуп жаткандыктан, ал каттын мазмуну менен дароо тааныштырууга милдеттүү болчу. Каттын мазмуну менен таанышкандан кийин президент прокуратура, УКМК, ИИМ кызматкерлерин камтыган тергөө-ыкчам топ түзүү буйругун берди. Эгер бул токтом болсо, анда мындай ведомстволор аралык атайын топту түзүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
Эмне үчүн Ташиев тергөөнүн жыйынтыгын күтпөй, президент менен жолугушуудан кийин дароо маалымат жыйынын өткөрүүнү чечти?
Тергөө көп убакытты талап кылат, бирок каттын мазмунун кеңири коомчулукка жеткирүү бир нече максатты көздөйт.
Биринчиден, эгерде күтүлбөгөн жерден өздөрүнүн ыплас иштерин жасоого ниеттенген шылуундар бар болсо, анда бул маалымат жыйындан кийин алар атайын кызматтар, аларды күчөтүлгөн ыкчам-издөө режиминде иштей башташканын түшүнүшөт.
Экинчиден, ошол эле учурда башкы милдет Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин туугандарынын жана жакындарынын гана эмес, адаттагыдай эле террордук акцияларда жабыр тартышы мүмкүн болгон башка адамдардын да коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
Үчүнчүдөн, бандиттердин катарында бири-бирине ишенбөөчүлүк пайда болот, анткени ар бири УКМКга катты өзү жазган деп шектенишет.
Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун жеке душмандары көп экенин белгилебей коюуга болбойт. Мындай күчтүү душмандары мурдагы жетекчилеринин биринде да болгон эмес. Анын үстүнө, каралоочулар, бул коомдук саясатчылар эмес, мамлекет башчыларын физикалык четтетүү идеясын жашыруун көтөргөн адамдар. Жапаров менен Ташиев эч кимден коркпой турганын жакшы билгендиктен бандиттер жакындарын өлтүрүү жолу менен алардан өч алууну чечишкен.
УКМКнын төрагасы иш сапарынан кайтып келгенде анонимдүү кат башка почта менен кошо иш столунда кандай жол менен пайда болгону өзүнө түшүнүксүз болду. Кайсы министрлик же ведомство болбосун өзүнүн жетекчисинин атына келген бардык кат-кабарларды сөзсүз түрдө атайын журналга каттатарын билишет.
УКМКнын төрагасы маалымат жыйынында көрсөткөн көк түстөгү полиэтилен баштыкта каттоо номери тууралуу эч кандай белги болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес.
Ташиевдин мамлекеттин эң жашыруун мекемесинде болгон бул одоно мыйзам бузууну моюнга алганы анын эч нерсени жашырбоону чечкенин айгинелейт. Албетте, бул баштык Ташиевдин столуна эмне үчүн, кандай жол менен жана ким аркылуу түшкөнү иликтениши керек”.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул кызматка 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин келген. Ал УКМК төрагалыгы менен кошо Министрлер Кабинетинин башчысынын коопсуздук боюнча биринчи орун басары кызматын да аркалайт. Ошондой эле Кыргыз футбол биримдигинин президенти да болуп шайланган.